super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев чек арачыларды Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктады

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 28-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын 15 жылдык мааракеси менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын офицерлери жана жоокерлери!Ардактуу ардагерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык мааракеси жана кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Мекен чек арасынын бекемдиги өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн, бүтүндүгүнүн негизги шарты болуп келген жана болуп кала бермекчи. Бул жооптуу ишти аткаруу мекенге берилген, эрктүү, туруктуу жана чыныгы жоокерлерге гана тапшырылат. Чек ара сакчылары өлкө эгемендигине кол салган негизги соккуну өздөрүнө алып, тайманбастык менен анын мизин кайтарышат.

Чек ара сакчыларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери, мекен чегинин ар бир сантиметри үчүн жан аябаган эр жүрөктүүлүгү келечектеги жеңишке негиз салган.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана чек ара аскерлеринин кымбаттуу ардагерлери, сиздерге таазим этебиз. Сиздер жоокердик кызматыңыздар менен өзгөчө күжүрмөн боордоштук, Ата Мекенге ак кызмат өтөөнүн салттарын калыптандырдыңыздар.

Сиздердин кесиптик, турмуштук бай тажрыйбаңыздар жаштар үчүн баа жеткис үлгү. Чек арачылар да улуу муундун өкүлдөрү калтырган чек ара салттарын бекем тутуп, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмаларын ак ниет менен аткарууда.

Кыраакылык, чебердик, туруктуулук, тартиптүүлүк жана өз кесиби үчүн сыймыктануу, мындан ары дагы чек арачыларды башкалардан айырмалап турарына бекем ишенем.

Бардык чек арачыларды, чек арачы-ардагерлерди ушул майрам күнүңүздөр менен куттуктайм жана чың ден соолук, иштериңиздерге ийгилик, бейпил турмуш, чек аранын бекем болушун каалайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: