Жоомарт Оторбаев Орусиянын Баңгизаттардын айланышын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директорун кабыл алды




Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 28-майда Орусиянын Баңгизаттардын айланышын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору Виктор Ивановду кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы менен Орусиянын аталган кызматынын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. “Борбордук Азия чөлкөмүндө баңги кырдаалынын динамикалуу өсүшү баңги кылмыштуулугу менен күрөшүүнүн жаңы эрежелерин көрсөтөт”,- деди премьер.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн аталган кызматтарынын ортосундагы кызматташтык боюнча протоколго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу протоколго кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

