Бүгүн Чүй облустук сотунда Шахида Аманбаева боюнча акыркы чечим чыгат
Бүгүн Чүй облустук соту 3,5 жылдан бери соттун өкүмүн күтүп келе жаткан Шахида Аманбаева боюнча акыркы чечимин чыгарат. Бул тууралуу анын жактоочусу Күмүшбек Ыбыкеев бүгүн, 29-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 27-май күнү облустук сотто Шахида Аманбаева, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашевдин иши боюнча жарыш сөздөр айтылган. Бүгүн биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүндө калат же жокко чыгарылат.
Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен кайрылган. 2014-жылдын 20-май күнү Чүй облустук соту апелляциялык арызды карап, мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен сот отуруму 27-майга жылган болчу.







1 |