super.kg logo

Бишкектеги республикалык китепканада балдарга арналган иш-чаралар уюштурулду

 

Бүгүн, 29-майда Бишкектеги К.Баялинов атындагы китепканада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан басылып чыгарылган жаңы кыргызча китептердин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, жазуучулар катышты.

Иш-чара 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Аземге Бишкектеги жана Чүй облусундагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары чакырылып, аларга майрамдык программа тартууланды.

Аземдин жүрүшүндө катышуучулар Луиза Мэй Олкоттун «Кичинекей айымдар», Пэм Муньос Райандын «Эркиндикти минип», Лоис Лоуринин «Берүүчү» аттуу китептеринин котормосу менен таанышышты.

Ошондой эле китепкананын аймагында балдарга сүрөт тартууга, китеп окууга, театралдык көргөзмө көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: