super.kg logo
  Саясат  

Аксы райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

 
9-январда Жалал-Абад облусунун прокурору тарабынан аталган облустагы райондор аралык сотунун мурдагы төрагасы, учурдагы Аксы райондук сотунун судьясы Н.Т.аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган судья "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" сыяктуу 4 берене боюнча айыпталууда. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облустук райондор аралык сотунун төрагасы болуп турганда Жалал-Абад шаарындагы Акмат Бакиевге жана анын жакыны Муктар Зулпукаровго тиешелүү кичи базарды жалган документтердин негизинде Максат Зулпукаровго мыйзамсыз түрдө өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгаргандыгы үчүн айыпталууда. Максат Зулпукаров эл аралык издөөдө жүргөн жаран болгон. Бул факты боюнча учурда тергөө иштери уланып жатканын билдирет Башкы прокуратура.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: