Депутаттар Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айылын кайрадан Ноокен районуна өткөрүп берүү керектигин айтышты
Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутат Майрамбек Расулов Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айылынын көйгөйүн айтып чыкты. Анын билдиришинче, айылды Ноокен районуна өткөрүү керек. “Мурда бул айыл Ноокен районуна карачу, кийин Таш-Көмүр шаарына өткөрүлгөн. Эми тургундар кайрадан Ноокен районуна кошулууну суранып жатышат. Анткени көйгөйлөр чыгып жатыптыр. Мисалы, балдар аскердик комиссариатка барыш керек болсо, учурда Аксы районунун борбору Кербен шаарына 2 жарым саат жол жүрүп барышат. Ноокен районуна 25 мүнөттө жетишмек”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

