super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Алай элине: “Жолду тоспогула, бошоткула!”

 

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Алай районунда митингге чыгышкан Ахматбек Келдибековдун тарапташтарын жол тоспоого чакырды. Төрага жол тосууну эски замандын иши деп атады. 

“Ахматбек Келдибеков боюнча ар дайым тийиштүү чаралар көрүлүп келген. Убагында колдоо болуп эле жүргөн. Жан сакчы сураганда берчүбүз, ооруканага барыш керек болсо прокуратурага кайрылчубуз. Жетекчилик дагы бир жолу көңүл бурат. Ага ден соолук, бул иштин аягы жакшы бүтүшүн каалайм”,- деди төрага.

Асылбек Жээнбеков Алай районунун тургундарына кайрылды.

“Алайлык туугандар, парламенттик демократия деген ушул. Элдин үнү айтылсын деп ушул жолду тандап алганбыз. Силердин талабыңар бүгүн парламентте депутаттар тарабынан айтылды. Фракция лидери да айтты. Булар жөнөкөй сөздөр эмес, силердин үнүңөр угулуп жатат. Мыйзамдуу митинг кылгыла, жолугушууга келгиле, биз макулбуз, бирок жолду тоспогула. Жол тосуу Кудайга да жакпайт, муну менен жакшылыкка барбайбыз. Аймактардын экономикасына зыянын тийгизет. Жолду бошоткула, тоспогула”,- деди парламент жетекчиси. 

Эскерте кетсек, Алайдын Сопу-Коргон айылынын тургундары Ош - Эркеч-Там унаа жолун бир нече күндөн бери тосуп турушат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: