super.kg logo
  Саясат  

Кеминдеги селден жабыркаган Кызыл-Октябрь айылынын тургундары мамлекеттен жардам алууда кыйналып жатканы айтылды  

 
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 28-майда селден жабыр тарткан Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары менен жолугушту. Депутат үйлөрү бузулгандарга жардам катары 700 даана шифер, 12 тонна цемент тапшырганы айтылды. Табият кырсыгынан жабыр тарткандардын көпчүлүгүндө үйгө ээлик кылуучу документтери жок болгондуктан, мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдарды алууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдиришти. Жолугушууга барган өкмөттүн тийиштүү адистери турак жайга ээлик кылуучу документтердин зарылдыгын белгилешти. Иманалиев суук түшкөнчө жабыр тарткандар үйлөрүн куруп алышы керектигин айтып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ссудалык каражаттарды тездетүү керектигин белгиледи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: