super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Куралдуу күчтөрүбүз бейпил турмушту коргоого жөндөмдүү" деген ишенимди арттырууга тийишпиз"

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти: 

"Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар!

Куралдуу күчтөрдүн ардактуу ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 22 жылдыгы менен куттуктайм!

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Өлкөбүздө аскердик реформа толук кандуу ишке ашырыла баштады. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн аскердик башкаруунун борбордук органы – Генералдык штаб түзүлдү. Аскерлерди заманбап курал-жарактар жана техника менен камсыз кылуу боюнча иш жүрүп жатат.

Эгемендүүлүктүн жылдарында алгачкы ирет аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүүгө, биринчи кезекте алардын үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылууга кириштик. Аскер кызматкерлеринин айлык акысы көбөйө баштады. Аскердик кызматтын кадыр-баркы көтөрүлүп жатат.

Тынчтык жана туруктуулук – эгемендүү Кыргызстандын эң башкы байлыгы. Ата-бабаларыбыздын бизге тартуулаган мурасы. Ушул байлыгыбызды көздүн карегиндей сактайлы. "Куралдуу күчтөрүбүз тынчтыкты жана бейпил турмушту коргоого жөндөмдүү" деген элибиздин ишенимин арттырууга тийишпиз.

Биргелешип алдыга койгон максаттарыбызга сөзсүз жетебиз! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: