super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Чек ара сакчыларына курал берсек, мас болуп баарын атып салат” деген сөз - колхоздук пикир”

 

Жогорку Кеңеште чек ара сакчыларына (чек ара ыйгарым укуктуулары) курал берүү демилгеси талкууланууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун төрага Асылбек Жээнбеков колдойт, бирок долбоорду толуктап иштеп чыгуу керек. “Мыйзам долбоору керек, баарыбыз жардамдашып, толуктап иштеп чыгалы. Анан "чек ара сакчыларына курал берсек, арак ичип алып баарын атып салат" деген сөз мамлекеттик эмес, колхоздук пикир”,- деди төрага.

Демилгечи депутат Бакыт Төрөбаев төраганын сөзүн колдой турганын билдирди. “Чек ара сакчыларына курал бериш керекпи же бербейлиби деп коркуп жүрө беребизби? Чек араны коргошубуз керекпи?”- дейт депутат.

Төрөбаев буга чейин Чек ара кызматынын башчысы “чек ара сакчыларына курал берсек, мас болуп алып атышуу баштайт” деп айтканын билдирген эле.

Мыйзам долбоору толуктап иштеп чыгуу үчүн 2-окуу режиминде калтырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: