super.kg logo
  Саясат  

"Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окуу режиминде талкууланмай болду

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-майда "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ушу тапта чек ара ыйгарым укуктуулары иш жүргүзүп жатканына жыл башында болгон кыргыз-кытай чек арасындагы окуя күбө. Мыйзам долбоору чек ара аймагындагы жашоочуларды төлөм негизинде мамлекеттик чек араны кайтаруу ишине тартууга багытталган. 

Талкууда мыйзам долбоорунда чек арага чектеш айылдардын жарандарына курал берүүнүн кооптуулугу айтылды. Төрөбаев мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин моюнга алып, бирок кескин түрдө мыйзам долбоору кереги жок дегенге кошулбастыгын белгиледи. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун айтылган сын-пикирлерди эске алып, жакшылап иштеп чыгуу керектигин айтышты.

Мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде талкуулоо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: