super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасы биримдиктеги өлкө өкүлдөрү тарабынан кабыл алынды

 
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү алдындагы жол картасынын айрым бөлүктөрү соңуна чыкты. Ал кыргыз өкмөтү тарабынан жактырылып, Евразия кеңешинин коллегиясынан өттү. Бүгүн, 29-майда Евразиялык экономикалык кеңешменин отурумунда коллегиянын төрагасы Виктор Христенко "КРнын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү жол картасы кароого даяр" деп билдирди. 

"Жол картасы боюнча иш башталганына байланыштуу биз Кыргызстандын бардык экономикалык бирикмелер менен болгон интеграция маселелерин карап баштайбыз",- деди ал. 

Орусиянын президенти Владимир Путин: "Биз азыр Кыргызстандын президенти менен КРнын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү жаатында колдоо көрсөтүүгө макулдаштык. Кыргызстан менен Армениянын биримдикке кирүү боюнча чечими олуттуу болуп саналат. Биз буларга колдоо көрсөтүп беребиз",- деди.

Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев 1-июлга чейин КРнын Бажы биримдигине кирүү маселеси чечилиши керектигин белгилеп: "Кыргызстан боюнча тараптар бир чечимге келип, жол картасын кабыл алды",- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: