Эртең Каракол шаарында жалпы шаардык ишембилик өтөт
Караколдо эртең, 30-майда жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө шаардын аймагындагы көчөлөрдү иретке келтирүү, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, бактарды актоо жүргүзүлөт. Ишембилик мэрия тарабынан жарыяланган көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана шаарды санитардык тазалоо боюнча үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.
Каракол шаарынын мэриясы кайдыгер карабаган бардык жарандарды ишембиликке катышууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

11:17
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.