Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жыл соңунда Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу мүмкүн экенин айтты

Бүгүн, 29-майда президент Алмазбек Атамбаев Астана шаарында Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Өлкө башчы жыйында Кыргызстан ушул жыл соңунда Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу мүмкүн экенин айтты. “Албетте, жаңы жылда биз Евразиялык экономикалык биримдикте жолугушууну каалайбыз”,- деди Атамбаев.
Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, жыйынга катышкан Армениянын өлкө башчысы Серж Саргсян аталган биримдикке өлкөсүнүн ушул жылдын 15-июнуна чейин кошула турганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

