Талантбек Исаев: “Кыргызстанда 6 жылда автоунаалардын саны 3 эсеге өстү”
Кыргызстанда 6 жылда автоунаалардын саны 3 эсеге өстү. Муну парламенттин 29-майдагы жыйынында ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди. “2006-жылы өлкөдө 309 099 автоунаа болсо, 2013-жылдын 31-декабрына карата бул сан 991 888ди түздү”,- деди ал.
Исаев МАИ кызматкерлерин формасын өзгөртүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, парламентте бүгүн жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү маселеси каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

