Алмазбек Атамбаев Литванын президенти болуп кайрадан шайланган Даля Грибаускайтеге куттуктоо катын жөнөттү
Бүгүн, 29-майда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Литва Республикасынын Президенти болуп кайрадан шайланган Даля Грибаускайтеге куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Литванын кызматташтык жылдар аралыгында эки өлкө ортосунда достук мамилеси орун алганын белгилеп, кайра шайланган президентти куттуктаарын билдирген. Ошондой эле тараптардын кызматташтыгы мындан ары да эки элдин бейпилдиги үчүн бекемделерине үмүттөнөрүн айтты. Мындан сырткары өлкө башчы Даля Грибаускайтеге бекем ден соолук, ийгилик жана Литва элинин тынчтыгын каалап өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

