"Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Дастан менин баламды өлтүргөн" дейт 2006-жылы каза болгон Азим Чикеевдин апасы








"Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Дастан менин баламды өлтүргөн". Бул тууралуу 2006-жылы бычактан жараат алып, ооруканада каза болгон Азим Чикеевдин апасы Жамила Чикеева SUPER.KG порталына бүгүн, 29-майда билдирди.
“Менин балам Азим Чикеев Бишкек шаарындагы №5-гимназияда окучу. 2006-жылдын 27-февралында Азим бычактан жараат алып, ооруканага түшкөн. Тилекке каршы, 7 сааттык операциядан кийин балам каза болуп калды. Аны параллель класста окуган Даниэль Бурканов деген бала бычак менен сайып салыптыр. Даниэлдин атасы “баламдын акыл-эси кем” деген маалым кат алып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп алган. Ошол бала "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында Дастандын ролун аткарыптыр”,- дейт Жамила Чикеева.
Бул боюнча бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров маселе көтөрүп чыккан.
Ал эми аталган тасманын режиссёру Руслан Акун буга таң калып жатканын айтат.

Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
Сайтта жаргон көздөрдү колдонууга, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат.