Путин: “Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары жумушка орношуу үчүн уруксат кагазын алууга милдеттүү эмес”

“Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары жумушка орношуу үчүн уруксат кагазын алууга милдеттүү эмес”,- деп билдирди Орусия президенти Владимир Путин. Ал мындай пикирин бүгүн, 29-майда Астана шаарында өткөн Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында айтты.
“Евразиялык экономикалык биримдик Орусия, Беларусь, Казакстандын жарандарына жумушка каттоосуз иштөөгө мүмкүндүк берет”,- дейт Путин.
Эскерте кетсек, жыйынга президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Анда өлкө башчы Кыргызстан жыл соңунда аталган биримдикке кошулушу мүмкүн экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

