super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтө турган 2 мыйзамды бириктирүү чечимин кабыл алды

 

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун жөнгө салууга багытталган 2 мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жол кырсыгын азайтуу, жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларга салынуучу айыпты көбөйтүү максатында иштелип чыкты. "Администрциялык айыптан топтолгон каражаттын 25 пайызы Жол-кайгуул кызматына берилип, калган каражат республикалык бюджетке түшөрү айтылды.

Талкууда административдик айыптын өлчөмүн көбөйтүү чаралары жол кырсыгынын санын гана кыскартпастан, республикалык бюджетти толтурууга да салым кошору айтылды. Бишкектин көчөлөрүнө видеокөзөмөл жүргүзө турган "Коопсуз шаар" долбоорун тезинен ишке ашыруу сунушу да берилди.

Жыйынтыгында сунушталган эки мыйзам долбоорун бириктирүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: