Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында каза болгон милиция кызматкеринин жакындарына көңүл айтты
Бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Ош шаарында кылмышкерлердин огунан каза болгон милициянын полковниги, түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Толкунбек Шоноевдин жакындарына көңүл айтты. Президент ИИМден бул кылмышты кылдаттык менен иликтөөнү, кылмышка катышы бар кишилерди табуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонууну талап кылды. “Атамбаев 2010-жылы башталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү эч кандай ымалага барбай улануусу керек деп билдирди”, - дейт президенттин маалыматтык саясат аппаратынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

