super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "өкмөт дыйкандарга берген насыяларды кимдер алып жатканын ачыктоого Улуттук банк каршы" деди

 

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт берген жеңилдетилген насыяларды кимдер алып жатканын ачыктоого Улуттук банк каршы чыгып жатканын айтты. Муну депутат парламенттин 29-майдагы жыйынында аталган банктын төрагасын шайлоо маалында айтты. “Өкмөт бөлгөн акчаны бирөөлөрдүн тууганы, достору алып жатканы айтылууда. Берилген акчаны кимдер алып жатканын ачык айтууга Улуттук банк каршы. Эмне, силер коррупция менен күрөшүүгө каршысыңарбы?”- деди депутат.

Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов “бул банктык сыр” деди эле, Текебаев: “Биз ошол банктык сыр деген нормага өзгөртүү киргизип жатабыз. Мамлекет өзү берген акчанын кимдердин колуна тийип жатканын так билиши керек. Силердин акчаңарга эч ким тийишпейт, мамлекет дыйкандарга бөлгөн акчаны көзөмөлдөйт”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: