super.kg logo

Украиналык мушкер Владимир Кличко тун наристесин күтүүдө

 

Украиналык мушкер Владимир Кличко жана актриса Хайден Панеттьери тун наристесин күтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда чет элдик маалымат каражаттары эки жаштын жакын тааныштарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, актриса Панеттьери мындан бир ай мурун, Владимир менен Алекс Лиепаинин кармашында эл алдына чыккан. Бирок журналисттер ал чапташкан көйнөк кийсе да боюнда бар экенин байкашкан эмес. 

Белгилүү болгондой, актриса көптөн бери Владимир Кличко белек кылган бриллиант чөгөрүлгөн нике шакегин тагынып жүрөт. Бирок эки жаштын тою Украинадагы кырдаалга байланыштуу артка жылып келет. 

Белгилей кетсек, 38 жаштагы Кличко менен 24 жаштагы Панеттьери 2009-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишет. 2011-жылы алар кол үзүшкөн. Кийин 2013-жылы экөө кайрадан табышып, үйлөнүшөрү тууралуу айтышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.05.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кличко?-нацист!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: