super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөө - Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин КРнын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Жолдош жоокерлер, сержанттар! Офицерлер жана генералдар! Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!

1992-жылдын 29-майы – мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн фундаменталдык негизи катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү түзүлгөн күн.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү – бул аскерлердин, азыркы шарттарда өлкөдөгү тынчтыкты жана бакубатчылыкты сактаган жеңүүчү муундун татыктуу мураскерлеринин майрамы.

Урматтуу аскер кызматчылары, силер Ата Мекендин ишенимдүү калканычы, аймактык бүтүндүктүн жана эгемендиктин кепилдигисиңер. Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөө - Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети, улуу муундун баатырдык жана күжүрмөн салттарына негизделген мекенчилдиктин кубаттуу адеп-ахлактык мектеби болуп калды.

Силердин кызматыңар, жогорку кесипкөйлүк, эң жакшы күжүрмөн эмгегиңер үчүн рахмат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Силерге жана силердин жакындарыңарга тынчтык жана жакшылык, туруктуулук жана оптимизм каалайм, Ата Мекен үчүн аскердик кызматыңарда жана каармандык эмгегиңерде жаңы ийгиликтердин болушуна тилектешмин".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: