super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Бажы биримдигиндеги мамлекеттер экономикалык өнөктөшүбүз эле эмес, тарыхы, тили боюнча бизге жакын"

 

Бүгүн, 29-майда Астана шаарында Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышты.

КРнын Президенти отурумда Нурсултан Назарбаевге бүгүнкү иш-чарага катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүн Астанада Евразиялык экономикалык союз түзүү тууралуу келишимге кол коюлат. Евразиялык экономикалык союз бардык мүчөлөрүнө экономикалык өнүгүүгө өз ара пайдалуу шарттарды түзгөн иштиктүү уюмга айланат деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин мааниси туурасында кеп кылып келип, Бажы союзуна, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, андан соң Евразиялык экономикалык союзга интеграциялоо Кыргызстан үчүн терең ойлонулган чечим экендигин белгиледи.  

“Бажы биримдигине мүчө-өлкөлөрү биздин негизги экономикалык өнөктөшүбүз гана эмес. Эң оболу руху боюнча, элдерибиздин жалпы тарыхы боюнча бизге жакын, тил боюнча дагы ортодо эч тоскоолдук жок. Жалпы келечекти биргелешип куруу милдети маңдайыбызга жазылган экен”,- деди мамлекет башчысы.

Отурумга Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: