super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы: "Бажы биримдиги Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт деген ойдобуз"

 

Бүгүн, 29-майда Астана шаарында Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышты. 

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өткөөл мезгилде Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн Орусия тарапка ыраазычылык билдирди. 

Биз орусиялык тарап менен фонд түзүүнү чечтик. Фонддун каражаттары бюрократиялык тоскоолдуксуз   Кыргызстандын Бажы биримдигиндеги интеграциясын жеңилдетүүгө түз, максаттуу жумшалат”,- деди президент. 

Кыргыз тарап орусиялык инвестицияларды максималдуу колдоого жана коргоого кепилдик берерин белгиледи.

Бажы союзуна катышуу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү  тартуулайт деген ойдобуз. Ишкерлерибиз Бажы союзунун рынокторуна чыгып, инвестициялар көбөйүп, жаңы технологиялар ишке киргизилет”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өлкөнүн эл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берерине ишенимин билдирди. “Менимче, биз Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча жол картасын кабыл алуу планы тууралуу арызыбызга жана Кыргызстандын Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кошулуу ниетине бардыгыбыз кол коёбуз деп ойлойм”,- деп белгиледи өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: