super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Оор жылдарга карабай Кыргызстанда өнүгүүнүн ыргагы байкалып жатат”

 

Бажы биримдигине киргенден кийинки алгачкы жылдарда Кыргызстанда оорчулук болорун иликтөөлөр айтып турат. Бирок оор жылдарга карабай Кыргызстанда өнүгүүнүн ыргагы байкалып жатат”,- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Муну президент бүгүн, 29-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумунда айтты. 

“Евразиялык экономикалык кеңеш натыйжалуу биримдик болуп каларына ишенем. Бажы биримдигине, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү биз үчүн ойлонуп жасай турган иш”,- деди Атамбаев.  

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү менен аталган биримдикке мүчө мамлекеттерге ар кандай багыттагы маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берерин айтты.

Албетте, бул биримдикке киргендин алгачкы мезгилинде Кыргызстанда жеңил болбошу иликтөөлөрдө айтылып жатат. Биз өзүбүздүн көйгөйлөрдү сиздерге жүктөп салалы деген жокпуз, бирок Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерден колдоо алсакпы дейбиз”,- деди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: