Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин Астанада кабыл алынган чечимдерди талкуулашты
Президент Алмазбек Атамбаев 29-майда Астанада өткөн саммиттен соң Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушууда өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу жана Евразия экономикалык кеңешинде кабыл алынган чечимдерди талкуулашты.
Айта кетсек, Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынында ага кирген Орусия, Беларусь, Казакстандын өлкө башчылары Евразия экономикалык биримдик түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Андан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдиги боюнча жол картасы бекитилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

