Египетте өткөн президенттик шайлоодо Фаттах аль-Сиси утуп чыкты

Египетте өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн мурдагы аскер башчысы Абдель Фаттах аль-Сиси жеңишке жетти. Абдель Фаттах аль-Сиси шайлоочулардын 93 пайызынын добушун алганы жарыяланып, Египет эли түнү менен майрамдап чыкканын чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Маалыматка таянсак, экинчи талапкер Хамдин Сабах шайлоочулардын 3 пайызынын добушун алган.
Добуш берүүгө 54 миллион шайлоочунун 30 миллиону катышканы айтылды.
Европа парламентинен келген байкоочулар: “Шайлоо таза, эркин маанайда өттү. Негизинен Египет бийлиги шайлоону эки гана күнгө белгилеген болчу. Бирок эл добуш берүүгө аз келип жатканынан үч күнгө узартуу чечимине келишти”,- деп билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

