super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын отурумуна катышууда

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 30-майда Минск шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын отурумуна катышууда. 
Отурумда КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, маданий, гуманитардык жана медициналык багыттагы 23 маселе каралат. Анын ичинде 2020-жылга чейин улуттук оюндарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү да бар. 
"КРнын Өкмөтү 2015-2017-жылдарга карата бир катар долбоорлорду иштеп чыгып, тогуз коргоол, алыш, кулатуу, салбуурун боюнча эл аралык мелдеш, фестивалдарды өткөрүүнү пландап жатат. Белгилей кетсек, бүгүнкү иш-чаранын алкагында КРнын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасын талкуулоо да бар" деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: