super.kg logo

Бүгүн Бишкекте кымыз майрамы өтүп, келген коноктор Суусамыр, Нарындан алынып келген кымыздан ооз тийишти (фоторепортаж)

 
Сейил бакка атайын боз үй тигилип, дасторкон жайылып, келген коноктор Суусамырдан, Нарындан алынып келинген кымыздан ооз тийишүүдө.
Майрамдын жүрүшүндө уюштуруучулар жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев баштаган аксакалдар, ак элечек энелер кымыздын курамы, түрлөрү жана ден соолукка болгон пайдасы тууралуу айтышты.
Келген конокторго чакан концерттик программа тартууланды.
Концерттик программада "Манас" айтылды.
Башка улуттун өкүлдөрү да фестивалга катышып, кымыздан ооз тийип жатышты.
Фестивалда Ат-Башынын кымызынын 1 литри 150 сомдон сатылды.
Башка улуттун өкүлдөрү да фестивалга катышып, кымыздан ооз тийип жатышты.
Майрамдын жүрүшүнөн.
Фестивалга уй кымыз да алынып келинди. Анын 1 литри 50 сомдон сатылды.
Кымыз майрамынын конокторунун бири ырчы Фатима Султанова.
Келген коноктордун бири майрамдын уюштуруучуларынын үстүнө чепкен жаап, башына калпак кийгизди.
Келген конокторго "Кара жорго" бийи тартууланууда.

Бүгүн, 30-майда Бишкектеги Эмен багында кымыз майрамы өтүүдө. Ага Бишкек шаарынын тургундары жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып жатат. Сейил бакка атайын боз үй тигилип, дасторкон жайылып, келген коноктор Суусамырдан, Нарындан алынып келинген кымыздан ооз тийишүүдө. 

Майрамдын жүрүшүндө уюштуруучулар жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев баштаган аксакалдар, ак элечек энелер кымыздын курамы, түрлөрү жана ден соолукка болгон пайдасы тууралуу айтышты.

"Кымыз - кыргыздын улуттук суусундугу. Илгери кыргыздар жолдон өтүп бара жаткан кишиге "ой, келип ак ичип кетиңиз" деп чакырып алып, кымыздан куюп беришчү. Андан соң анын кайдан келе жатканын, ал-абалын сурашчу. Көп жерден кымыздын түрлөрүн ичтим. Эң күчтүү кымыз бетегенин кымызы болуп саналат экен. Ал да экиге бөлүнүп кетет. Кызыл бетегенин жана көк бетегенин кымызы делинет. Өңдөрүнөн айырмаланат, аты айтып тургандай, кызгылт жана көгүш болот",- дейт кымыз тууралуу сөз козгогон Топчубек аксакал.

Ал эми бул майрамдын уюштуруучусу Консулбек Токтогулов мырза мындай саамалыкты жыл сайын өткөрүүнү максат кылып жатканын айтты. "Кымыз майрамы Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бул иш-чаранын негизги максаты кыргыздын каада-салтын, улуттук тамак-аштарын, суусундуктарын элге кеңири жайылтуу болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, учурда дүкөндөрдүн текчелеринен, базарлардан суусундуктардын түрүн табууга болот. Бирок алар табигый эмес, ар кандай каражаттар кошулуп жасалган. Зыяндан башка эч кандай пайдасы жок. Өзүбүздүн суусундуктарыбызды, кымыз, жарма, максым сыяктуу улуттук баалуулуктарыбызды жайылтуу - ар бирибиздин милдетибиз.

Албетте, биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыктан, уюштуруу иштеринде кемчиликтер кетпей койгон жок. Жер-жерлердеги кымыз жасагандарга фестивалдын болору тууралуу кабар бергенбиз. Тилекке каршы, аба ырайы бузулат дегенгеби, көпчүлүгү келе алышпады. Буюрса, жыл сайын 30-майды Кымыз күнү деп белгилеп, ушундай фестиваль өткөрүүнү максат кылып жатам. Кийинки жылдары мындан да жакшы өтөт деген ишеничтемин",- дейт.  

Иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулуп, “Кара жорго” бийи жана улуттук оюндар тартууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
31.05.2014. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылышыптыр Кымызды абдан сагындым !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: