super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары БУУнун "Өнүктүрүү" программасы боюнча эл аралык саммитке катышат

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Роза Акназарова 30-майдан 1-июнга чейин “Стамбул саммити: 2015-жылдан кийинки мезгилде БУУнун "Өнүктүрүү" программасына аялдардын көз карашы” аталышындагы эл аралык саммитке катышат. Муну 30-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Стамбулда өтө турган саммиттин башкы максаты - 2015-жылдан кийин БУУнун миң жылдык өнүктүрүү максаттарына салым кошуу, дүйнө жүзү боюнча ар кандай коомчулуктардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аялдардын демилгелери үчүн аянтча түзүү. Иш-чарада “Аялдар менен кыздар үчүн БУУнун миң жылдык өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер” темасы да талкууланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: