super.kg logo

Американын Мамлекеттик департаментинин сайтында Камчы Көлбаев тууралуу маалымат үчүн 1 миллион доллар бериле тургандыгы жөнүндө маалымат жарыяланды

 

Американын Мамлекеттик департаментинин сайтында Камчы Көлбаев тууралуу маалымат үчүн 1 миллион доллар бериле тургандыгы жөнүндө маалымат жарыяланды. Аталган маалымат кечээ, 29-майда жарыяланган.

Маалыматта “Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу Борбордук Азияда негизделген. Анын кылмыштуу тобу баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү, адамдарды сатуу, курал-жарак сатуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бир катар кылмыштарга катыштыгы бар” деп айтылат.

Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык бере тургандыгы айтылып, Көлбаев тууралуу маалымат билген ар бир адам кайрылса болору жана анонимдүүлүк сакталары белгиленет.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. Бирок Жогорку Сот "криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырганы белгилүү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
30.05.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аааа чыгат ал
30.05.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baram - 5 күнгө БАН!
Далили жок маалымат жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат.
30.05.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жактоочусу катуу иштеп жатканго.
30.05.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камчыдай адамдар керек, Батукаев ден коро.
30.05.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмики жылы чыгат.
30.05.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колбаев жакында чыгып, Орто-Азияго вор в законе болуп шайланат.
30.05.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salimboy, кимдир бирөөнүн абийирине шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
30.05.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Камчы брат так держать!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: