super.kg logo
  Саясат  

Алайдагы митинг: Тосулган жолдон кош бойлуу аялдарды өткөрүп жатышат

 

Алайда 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп тургандар кош бойлуу кыз-келиндерди жана зарыл иш менен бара жаткандарды өткөрө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда митингдин катышуучуларынын бири Керим Пайзуллаев SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, учурда жол тосулуп турган аймакта 200гө чукул автоунаа токтоп турат.

“Кош бойлуу аялдарды, айрым зарыл иши менен же тажияга шашылыш бара жаткандарды жолдон өткөрүп жатабыз. Бирок баарын эмес. 200дүн тегерегиндеги оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар жол жээгинде токтотулуп турат”,- деди Пайзуллаев.

Бийлик өкүлдөрү келмейинче жол ачылбай турганын кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 27-майдан бери Алай районунда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган эл Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: