Генерал-майор Асанбек Алымкожоев: “Кыргызстандын чек араларына Ооганстандан келген уюшкан куралдуу топтор жайгашып, коркунуч келтириши мүмкүн”
“Кыргызстандын чек араларына Ооганстандан келген уюшкан куралдуу топтор жайгашып, коркунуч келтириши мүмкүн”,- деп айтты бүгүн, 30-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев.
Анын айтымында, Ооганстанда 35 жыл ичинде согуштар токтобой келген. “Ушул жылы Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн кетиши күтүлгөндүктөн, биздин оюбуз боюнча, эл аралык уюшкан куралдуу уюмдар биздин чек араларыбыздын жанына жайгашышы мүмкүн. Ошондуктан чек араны бекем сакташ үчүн бир топ иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Мындан тышкары ушул багытта Шанхай кызматташтык уюму (ШОС) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ) менен кызматташуудабыз”,- деди Алымкожоев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.