super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын "кара тизмесине" кирип калган кыргызстандык мигранттардын маселесин карай турган комиссия түзүлмөкчү

 
Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 29-майда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын төрагасы Константин Ромодановский менен жолугушту. Сүйлөшүүдө Сарпашев Орусия акыркы 20 жыл ичинде кыргызстандык жарандар барып иштеп жаткан негизги өлкө бойдон калып жатканын белгиледи. 
"Маалыматтар боюнча, Орусияда 700 миң кыргызстандык иштейт. Акыркы жылдары миграция тармагында эки өлкө көргөн иш-аракеттер жемишин бере баштады. Мунун катарында Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын аймагында убактылуу иш жүргүзүүсүнө байланышкан макулдашууга кол коюлганы жатканын айтсак болот. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн Орусияга ачуу боюнча макулдашуу иштелип чыкты",- деди Сарпашев. 
Жолугушууда Орусиянын "кара тизмесине" кирип калган кыргызстандыктардын маселесин карай турган атайын комиссия түзүү демилгеси көтөрүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: