super.kg logo

Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата колдоого муктаж болгон балдарга арналган иш-чаралар өттү

 

Бишкекте бүгүн, 30-майда Балдарды коргоо күнүнө карата балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда коомдук мекемелердеги, калыбына келтирүүчү борборлордогу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 630 балага концерттик программа тартууланып, балмуздак жана башка таттуу белектер тапшырылды.

Аталган иш-чарага Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдары да күбө болушту. Аларга жагымдуу концерттик программа тартууланды.

Борбордун вице-мэри Айгүл Рыскулова өз сөзүндө иш-чарага келген бардык балага чың ден соолук каалап, алардын балалык күндөрү ар дайым ата-энелеринин жанында өтсүн деп каалоо-тилек айтты.

“Балдарыбызды 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүндө гана мээримибизди төкпөстөн, аларга күн сайын өз камкордугубузду көрсөтүп, аларга өз сүйүүбүздү тартуулашыбыз керек. Өзгөчө ыраазычылыгымды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айткым келет. Сиздердин эмгегиңиздер зор”, - дейт А.Рыскулова. Иш-чарага шаардык бюджеттен 250 миң сом каражат сарпталганы маалым болду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: