Жалал-Абад облусунда 226 мугалим жетишпейт
Жалал-Абад облусунда мугалимдердин жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө жалпы орто билим берүү мекемесинде 15 478 мугалим иштейт жана 226 мугалим жетишпейт. Өткөн жылы акча каражаты өз убагында бөлүнбөгөндүктөн, 7 мектеп бүтпөй калган. Ошол эле учурда 28 мектеп кыйроо абалында турат. Облус боюнча мектептерди окуу китептери менен камсыздоо 83,1 пайызды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

