super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидеринин демилгесин колдоду

 

29-майда “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков аталган мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду.

“Айрым учурларда чек ара аймактарында жашаган тургундарга курал таратуу абалга туура келиши ыктымал. Бирок калк жашаган кыштактарда бул кадамга баруу туура болбойт. Ошол эле кезде курал берилип жаткан адамдын ден соолугу, психологиялык абалы сак-саламат болушу керек. Балким, бул мыйзам долбоорун пакетте карап чыгуу зарыл”,- деп сунуштады төрага.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун демилгечиси, “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандыгын белгиледи.

“Бүгүнкү күнгө карата мыйзам долбоорун өзгөртөлү деп мага бир дагы Чек ара кызматынын кызматкери кайрылган жок. Чек арадагы абал начар. Аталган мыйзам долбоорун Кыргызстан өкмөтү демилгелеп көтөрүп чыгышы керек эле. Бирок биз Конституцияга таянып бул мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Стилистикалык каталарын оңдоп чыгабыз. Баары бул жерде туура эмес дебестен, экинчи окууга өткөрүүнү суранам”,- деди “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кароого калтырылды. Мындан тышкары башка мыйзамдар менен айкалышуусун аныктап чыгуучу мекемелер аралык комиссия түзүлөрү болжолдонууда.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: