Жоомарт Оторбаев Беларустун премьер-министри Михаил Мясникович менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 30-майда Беларустун өкмөт башчысы Михаил Мясникович менен жолугушту. Сүйлөшүүдө Оторбаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын отуруму жогорку деңгээлде уюштурулганын билдирди. Ошондой эле 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришиндеги жол картасы кабыл алынганын кошумчалады.
"Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдер тарыхый мааниге ээ. Келечектүү интеграциялык биримдиктин алкагында биздин өлкөлөр товар айлантуу жана кайтарымдуу инвестициялар боюнча зарыл кадамдарды жасашы керек",- деди Оторбаев.
Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

