Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Чолпон-Атада көчмө жыйын өткөрүүдө
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 30-майда Чолпон-Ата шаарында эл аралык макулдашууларды ратификациялоодо мамлекеттин ички процедуралары боюнча көчмө жыйын өткөрүүдө.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн аппараттарынын, министрликтердин өкүлдөрү, эксперттер, дипломаттар катышып жатканын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында “КРнын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамдын жоболорунун колдонулушуна байланыштуу маселелер талкууланып, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдору каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

