super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский мигранттар боюнча сүйлөштү

 

Бүгүн, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн миграциялык мекемелеринин кызматташтыгы, Кыргызстандын Еевразия аймагындагы интеграциялык процесстерге катышуусунун алкагындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандыктардын Орусияда жүрүү шарттары жана алардын эмгек ишмердүүлүгү боюнча да сөз болду. 

“Кабыл алганыңыз жана шериктерибиз менен сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Биз муну баалайбыз, эки тараптуу жана ар тараптуу форматта ишибизди улантабыз. Бул өз ара аракеттенишүү, достук жана жалпы максатыбызга болгон бирдиктүү кадамдарыбыз. Биргелешкен иш жакшы натыйжа берүүдө. Жакшы көрсөткүчтөр бар: Кыргызстандын жарандары тарабынан Орусиянын аймагында жасаган кылмыштар жыл башынан бери өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе азайды. Албетте, бул биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгы”,-  деп билдирди Ромодановский.

Алмазбек Атамбаев Константин Ромодановскийге миграция саясатындагы мындан аркы кызматташтыкты жандантуу зарыл экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: