super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада менен жолугушту

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 30-майда Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада менен жолугушту. Өкмөт жетекчилери 2013-жылы эки өлкөнүн мамилеси активдүү саясий диалогдор менен коштолгонун белгилешти. 
"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда учурда саясий пикир келишпестик жок. Кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишенимдүү динамикага ээ болду",- деп билдирди Оторбаев. Чек ара аймактарында жашаган тургундар арасында маданий-гуманитардык диалогду күчөтүү зарылдыгы да айтылганын бүгүн, 30-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Тараптар ортодогу маселелерди терең талкуулоо үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү керектигине токтолушту. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: