Декларация: Депутат Равшан Жээнбеков былтыр 3 миллион 408 миң киреше тааптыр

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков 2013-жылы 3 миллион 408 109 сом киреше тапкан. Мунун 958 109 сомун депутат маяна катары парламенттен алган. Кошумча кирешеси: 2 миллион 450 миң сом. Үйүнүн аянты 65 чарчы метр экенин депутат тапшырган декларациясында көрсөттү.
Жээнбековдун жакындары былтыр 5 миллион 017 715 сом киреше табышкан. Алардын кыймылсыз мүлктөрү: 188 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 188 чарчы метр жерди ээлеген батир, 1800 чарчы метр жерди ээлеген эс алуу үйү. Автоунаасы: 2009-жылы чыгарылган Тойота Венза.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

