Декларация: Депутат Каныбек Иманалиевдин жылдык кирешеси 1 миллион 545 миң сом

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев былтыр 1 миллион 545 608 сом киреше тапкан. Анын 1 миллион 175 608 сомун маяна катары парламенттен алса, калган 370 миң сому депутаттын кошумча кирешеси. Муну депутат тапшырган декларациясында көрсөттү. Депутат 2 батирге ээлик кылат, аянттары: 61,07 жана 118 чарчы метр. Автоунаасы тууралуу маалымат берилген эмес.
Депутаттын жакындары 2013-жылы 87 986 сом киреше тапса, алар 38,4 чарчы метр жерди ээлеген коттеджге ээлик кылышат. Ошондой эле "Эркин-Тоо" ЖЧКсынын 17 пайыздык акциясына ээлик кылышат.
Иманалиевдин 2012-жылкы кирешеси бул жакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

