Декларация: Исмаил Исаков былтыр 1 миллион 460 миң сом киреше тааптыр

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков 2013-жылы 1 миллион 089 750 сом маяна, 371 233 сом пенсия алган. Депутаттын былтыркы жалпы кирешеси 1 миллион 460 983 сомду түзөт. Маалымат депутат тапшырган декларациядан алынды. Исаков 241 чарчы метр жерди ээлеген бир үйгө ээлик кылат.
Эл өкүлүнүн жакындары былтыр 52 956 сом киреше тапса, аларга таандык 61,3 чарчы метр жерди ээлеген батир бар.
Исаковдун 2012-жылкы кирешеси бул жакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

