Ак илбирсти коргоо: Токой чарба агенттиги менен коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда меморандум түзүлдү
Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги менен коммерциялык эмес "Snow Leopard Trust" жана "Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan" уюмдарынын ортосунда жаратылышты коргоо тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Муну бүгүн, 2-июнда аталган агенттиктен билдиришти. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:
Ак илбирсти, анын азыктануу базасын жана жашаган чөйрөсүн коргоо;
Жергиликтүү коомчулуктун муктаждыгын аныктоо;
Туруктуу жана узак мөөнөттүү жаратылышты коргоо программасын ишке киргизүү;
Ак илбирстер боюнча изилдөө программасын биргеликте ишке ашыруу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

