Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясынын долбоору жыл аягына чейин даяр болот
Мамлекеттик салык кызматы мекеменин ишин 2015-2017-жылдары өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча жыйын өткөрдү. Ага мекеменин жетекчилиги менен адистери, министрликтердин өкүлдөрү жана эксперттер катышканын бүгүн, 2-июнда аталган кызматтан кабарлашты.
Жолугушууда аталган стратегиянын максаты, салык системинин азыркы абалы, негизги көйгөйлөрү талкууга алынганы айтылды. Долбоор жылдын аягына чейин даярдалып бүтмөкчү.
Мамлекеттик салык кызматы быйыл мекемени 2012-2014-жылы өнүктүрүү программасы аяктай турганын эске салат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

