super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда бирдиктүү жер саясатын жүргүзүүчү орган түзүү сунушталууда

 

Кыргызстанда бирдиктүү жер саясатын жүргүзүүчү орган түзүү сунушталууда. Мындай пикир бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу системин оптималдаштыруу боюнча өткөн парламенттик угууда айтылды.

Жер саясатын бирдиктүү жүргүзүүчү орган жоктугун белгилеген “Кыргызгипрозем” институтунун директору Ажыбек Касмалиев жерлерди натыйжалуу башкаруу максатында мындай орган түзүлүшү туура болорун билдирди.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Жаныбек Дербишалиев "жер семирткич заводун куруу менен республика аймагындагы жерлерди сактап калабыз" дейт.

Угуунун жүрүшүндө КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда белгиленгендей, жылына 10 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүү маселеси кандай эсептөөлөргө негизделгени боюнча да маселе көтөрүлдү. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев буга Иринжит, Сарымсак каналдарын ишке киргизүү, Бүргөндү массивин өздөштүрүү сындуу долбоорлорго каражат табуу иштерин айтып жооп берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: