super.kg logo
  Саясат  

Казакстан Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдөн спирт ичимдиктерин ташып келүүгө тыюу салды

 

Казакстан 1-июндан тартып Орусия, Беларустан алкоголдук ичимдиктерди ташып келүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жарыялашты

Мындай чектөө аталган өлкөлөрдөн алынып келинип, Казакстандын рыногунда жүгүртүлгөн спирт ичимдиктери Бажы биримдигинин техникалык регламентине туура келбестиги жана Казакстандын улуттук мыйзамдарынын талаптарын бузуп жатканы менен түшүндүрүлдү.

“Этикеткада спирт ичимдиктерин колдонуу боюнча адамдардын жаш курактары так көрсөтүлбөй жатат. Ичимдиктер ким тарабынан өндүрүлгөнү жана тийиштүү маалыматтар мамлекеттик, тактап айтканда, казак тилинде толук жазылбай калууда”,- деп белгиледи Казакстандын Азык-түлүк коопсуздугу агенттигинин жетекчиси Айгерим Садубаева

Мындай чектөө качанкыга чейин уланары белгисиз. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: