super.kg logo

Бишкектеги Көркөм өнөр музейинде "Башка Бишкек" фотокөргөзмөсү өтөт

 
Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 6-июндан тарта "Башка Бишкек" аттуу фотокөргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда аталган музейден кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган иш-чара сүрөттөр боюнча өткөрүлгөн "Фоточемп-2014" чемпиондугуна карата уюштурулууда. Көргөзмө 3 бөлүктөн турат. 1-бөлүктө "Фоточемп-2014" сынагынын катышуучуларынын эмгектери тартууланат. 2-бөлүккө болсо 5 жыл ичинде чемпиондукта мыкты деп табылган сүрөттөр коюлат. Ал эми 3-бөлүктө "Фоточемп-2014" сынагынын калыстар тобунун мүчөсү, аталган сынактын уюштуруучусу Алексей Лысогоровдун жана сүрөтчү Георгий Колотовдун эмгектери орун алат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: